БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский жана НАТО өлкөлөрүнүн жетекчилери менен байланышып "тынчтык макулдашуусу ок атууну убактылуу токтотууга караганда алда канча жакшы" экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости Axios басылмасына шилтеме берип жазды.
Ал Путин "ок атууну токтотуп коюуну эмес, согушту жыйынтыктоо боюнча ар тараптуу макулдашуу түзүүгө кызыкдар" экенин белгилеген.
Рейтер Ак үйгө таянуу менен АКШ президенти телефондон Зеленский менен, андан соң НАТО лидерлери менен сүйлөшкөнүн кабарлады.
Кечээ, 15-августта, Россия менен АКШнын президенти Владимир Путин жана Дональд Трамп Анкориж шаарындагы (Аляска, АКШ) Элмендорф-Ричардсон аскер базасында жолугушту. Алар Украина маселесин талкуулаганы барган. РФ башчысынын АКШга сапары беш саатка созулду.
Держава лидерлери 2 саат 45 мүнөткө уланган сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымат жыйын уюштуруп, жолугушуу мазмундуу болгонун белгилешкен.