ЧОЛПОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келген ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларын жана ЕЭКтин коллегия төрагасын кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда интеграциялык өз ара кызматташуу, биргелешкен кооперациялык долбоорлорду көбөйтүү жана ЕАЭБге өнөктөш өлкөлөр менен ишти күчөтүү маселелери талкууланган.
Жапаров Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык биримдигине катышуу тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.
Президент Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгон 10 жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтолгон. Мисалы, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөнүн ИДПсы 1,5 триллион сомго жетип, 2015-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө 1,5 эсеге өскөн.
"Кыргызстан биримдикке мүчөлүгүнүн бардык артыкчылыктарын сезди. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү, аймактык өнөктөштөр жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтык өнүгүүдө", — деген мамлекет башчы.
Жолугушууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин премьерлери Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы, меймандостугу үчүн ыраазылык билдирип, Кыргызстанга мындан аркы гүлдөп-өсүүнү каалашкан.
Алар Кыргызстандын экономикалык өсүшүн, ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы соода кызматташтыктын кеңейишин белгилешкен. Эки тараптуу негизде жана Евразия экономикалык интеграциясынын алкагында мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыктарын билдиришкен.