Өзбекстандын премьери Арипов ЕАЭБдеги байкоочулук статустун пайдасын айтты

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. ЕАЭБдеги байкоочулук статус кандай пайда бергенин Өзбекстандын премьер-министри айтып берди.
Абдулла Арипов Чолпон-Атада өтүп жаткан ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.
"Өзбекстан төрт жылдан бери байкоочу өлкө статусунда, андан бери биримдиктеги мамлекеттер менен товар алмашуусун 80 пайызга көбөйттү. Былтыр көрсөткүч 18 миллиард долларды түзгөн", — деди ал.
Отурумга байкоочу өлкө катары Өзбекстандан тышкары Куба жана Иран мамлекеттеринин өкүлдөрү келишкен.
Бүгүн биржалык сооданын программасын бекиттик. Мишустиндин Чолпон-Атадагы сөзү