Трамп саммиттен кийин Путин, Зеленский болуп жолугууга ниеттенип жатат

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп РФ президенти Владимир Путинге Владимир Зеленский менен Европа өлкөлөрүнүн бир катар өкүлдөрүн жолуктурууга ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Президент Путин менен жолугабыз. Жакшы болот деп ойлойм. Андан дагы маанилүү нерсе катары биз пландап жаткан экинчи жолугуу турат. Бул Путиндин, Зеленскийдин, менин, балким, Европа лидерлеринин ичинен катыша турган дагы бирөө кирген кездешүү", — деп ал журналисттер менен сүйлөшүп жатканда айткан.
Трамп келечекте Украина боюнча макулдашуулардын бир бөлүгү катары Европага барган америкалык аскерлердин санын кыскартуу маселесин карагандан баш тартпастыгын билдирди.
"Бул маселе тууралуу кийинчерээк ойлоном. Бул согуш эч качан чыкпашы керек эле. Эгер мен президент болбосом, Путин бүткүл Украинаны басып алууну туура көрмөк деген ойдомун", — деген президент.
ЖМК: Трамп Зеленский бардык көйгөйдүн себепкери деген ойдо турат