Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Аляскадагы жолугушуудан эмнелерди күтүп жатканын айтты

Сүйлөшүүгө президенттерди кошпогондо эки тараптан бештен киши катышары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШнын лидери Дональд Трамп Украинадагы согуштун отун узартпай өчүрүүгө ниеттенип жатканын, бирок бул нерсе жолугушууда (Аляскада – ред.) ишке ашпаса "маанайы түшөрүн" айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жемиштүү болоруна ишеним артып тургандыгын, эгер андай болбосо Вашингтонго тез эле кайтып кетерин кошумчалаган.
АКШ президенти Европа ага украин көйгөйүн чечүүдө шарттарды таңуулабастыгын, бирок бул иштерге "аралаша тургандыктарын" билдирди.
Эске салсак, бир нече сааттан кийин Алясканын Эльмендорф-Ричардсон аскер базасында Россия менен АКШ лидерлеринин жолугушуусу болмокчу.
Саясатчылар алгач көзмө-көз өздөрү гана жолугуп, андан кийин делегация мүчөлөрү да катышат.
Жолугушуунун негизги темасы Украина кризисин жөнгө салуу болот. Эки жак Москва менен Вашингтондун кызматташтыгы боюнча пикир алмашат. Мамлекет башчылар тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо милдеттерин, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулайт.
Жолугууга Россия тараптан катыша тургандар:
тышкы иштер министри Сергей Лавров;
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков;
РФтин коргоо министри Андрей Белоусов;
РФтин каржы министри Антон Силуанов;
РФ президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев.
АКШ тараптан катыша тургандар:
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио;
АКШнын финансы министри Скотт Бессент;
АКШнын соода министри Говард Латник;
ЦРУнун директору Жон Рэтклифф;
АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф катышары айтылды.
Трамп саммиттен кийин Путин, Зеленский болуп жолугууга ниеттенип жатат