Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Евразия өнүктүрүү банкы менен долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин (предТЭО) даярдоо боюнча макулдашкан. ЕӨБ долбоорду даярдоого грант бөлөрү айтылды.
"Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ички логистиканы жакшыртууга жана аймактагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жаңы темир жол тилкесин куруу туристтик жагымдуулукту арттырып, темир жол инфраструктурасын жакшыртат", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Садыр Жапаров келечекте темир жол Балыкчыдан Караколго чейин салынарын айткан.
Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды