БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстан Россияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факт жок. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде айтты.
Ал Батыш ЖМКларынын молдовалык саясатчы Илан Шор Кыргызстан аркылуу санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканы боюнча маалыматына коментарий берген.
"Биринчиден, андай маселе жок. Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдеп берсин. Тескерисинче, санкция салган мамлекеттер өздөрү миллиарддаган долларларга Россия менен кызматташып жаткан фактылар бар. Экинчиден, биздин өлкөгө Илан Шорбу, Илон Маскпы, же башкасыбы, келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы Кыргызстан баары менен экономикалык жактан кызматташууга даяр экенин, ал эми саясий жагы талданарын кошумчалаган.