БАЭ Нетаньяхунун "Чоң Израилди" көргүсү келген билдирүүсүн кескин айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирликтеринин Тышкы иштер министрлиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун "Чоң Израилди" көргүсү келген билдирүүсүн кескин айыптады. Бул тууралуу жергиликтүү WAM басылмасы жазды.
Нетаньяху буга чейин "тарыхый жана руханий миссия" аткарып жатканын айтып, "Чоң Израиль" концепциясы менен эмоционалдык байланышта экенин билдирген. Аталган идея азыркы еврей мамлекетинин аймагын Сирия, Иордания, Ливан жана Египет сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн эсебинен кеңейтүүнү көздөп, Газа сектору, Иордан дарыясынынын батыш жээги жана Чыгыш Иерусалим сыяктуу бардык палестин жерлерин кошуп алууну сунуштайт.
"БАЭ Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун "Чоң Израилди" көрүү боюнча билдирүүлөрүн кескин айыптап, бул чагымчыл идеяны эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын одоно бузулушу катары көрөрүн билдирди", — деп жазат басылма.
БАЭнин диломатиялык мекемеси араб мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнө шек келтирген ар түрдүү коркунучту кабыл албай турганын жана "Израиль өкмөтүндөгү экстремисттерди" жөнсүз билдирүүлөрдү токтотуп, чагымчыл аракеттерге катышпоого чакырганы айтылат. Мындан тышкары, аймактык туруктуулукка коркунуч жараткан жана коңшулук мамиленин келечегине доо кетирген аракеттерди токтотууга үндөгөн.
Нетаньяхунун мындай билдирүүлөрүнө Иордания, Египет жана Ирак да реакция кылды. Хашимит Падышалыгынын бийлик өкүлдөрү премьер-министрдин сөздөрүн айыптап, аны чагымды күчөтүү жана башка мамлекеттердин эгемендигине коркунуч катары баалашты.
Египет ТИМинин билдирүүсүнө ылайык, расмий Каир Израилден түшүндүрмө талап кылды. Ал эми Ирактын тышкы саясий мекемеси Израиль тараптын айткандарын "башка мамлекеттердин эгемендигине шек келтирген чагым" деп атап, мындай саясатка каршы туруу үчүн араб дүйнөсүн биригүүгө үндөп, жалпы эл аралык позицияны иштеп чыгууга чакырган.
Россия дагы Израиль өкмөтүнүн Газа секторун басып алуу пландарын кескин сынга алды. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдирүү жасады. Анын айтымында, Израилдин Газаны толук көзөмөлгө алуу чечими эл аралык укукту одоно бузуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерин этибарга албай турганын айгинелейт.
Газаны оккупациялоо чечимине каршы израилдиктер миңдеп акцияга чыгышты