БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн, 15-августтан тарта, Москва шаарында өтүп жаткан "Евразия өзгөрүүлөрү" II эл аралык педагогикалык форумуна Россия менен Кыргызстандан барган 200дөн ашуун мугалим катышууда. Бул тууралуу "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюму билдирди.
Иш-чара бирдиктүү билим берүү стандарттары боюнча иштей турган педагогдордун жана эксперттердин эл аралык тобун даярдоо максатын көздөйт. Бул Россия менен Кыргызстандын ортосунда жалпы билим берүү мейкиндигин түзүүгө жардам берет.
Уюштуруучулар билдиргендей, баргандар окутуунун заманбап ыкмалары, билим берүүдөгү санарип технологиялар менен таанышып, мастер-класстарга, лекцияларга катышууда. Анда өзгөчө балдар, тарбиялоодо кыйынчылык жараткан өспүрүмдөр менен иштөө, мугалимдердин кесиптик чарчоосуна каршы күрөшүү маселелери талкууланып жатат.
"Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун макулдашуусунун негизинде жалпы билим берүү мейкиндиги түзүлдү. Форумдун жүрүшүндө мурдагы советтик өлкөлөрдө миллиондогон адамдарды бириктирген орус тилинин ролуна өзгөчө көңүл бурулууда", — деп билдирди "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова.
Форумдун катышуучуларынын арасында РФ Агартуу министрлигинин, Россотрудничество, Москва жана Башкыртстандын педагогикалык университеттеринин жана Кыргызстандын билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү бар.