БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Нарында КамАЗы көпүрөдөн кулаган айдоочунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
41 жаштагы Азамат Асанбековдун сөөгүн милиция Ак-Кыя аймагынан тапкан.
13-августта Нарын облусунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын туташтырган көпүрө урап, жүк ташуучу унаа сууга кулап кеткен. Ошондон бери анын айдоочусу изделип жаткан.