АКШ Кыргызстанда катталган Grinex криптобиржасына санкция салды

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанда катталган Grinex криптовалюталык биржасына санкция салды. Бул тууралуу мекеменин сайтына чыккан маалыматта айтылат.
Анда Grinex платформасы Кыргызстанда жана Россия Федерациясында катталганы, Россиянын Garantex криптобиржасынын мураскери экени белгиленген.
"Garantex криптобиржасы киберкылмышкерлерге түздөн-түз көмөктөшүп, 2019-жылдан бери мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп 100 миллион доллардан ашык транзакцияларды иштеп чыккан. АКШнын Финансы министрлиги аны 2022-жылдын апрель айында санкциялык тизмеге киргизген. Grinex ошол россиялык криптобиржанын мураскери. Аны чектөө чараларынан качуу үчүн Garantex биржасынын кызматкерлери түзгөн", — деп билдирет мекеме.

Garantex жөнүндө

Финансы министрлиги белгилегендей, Garantex 2019-жылдын аягында негизделген. Алгач Эстонияда катталып, операцияларынын көбүн Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан жүргүзгөн криптовалюталык биржа. Билдирүүдө айтылгандай, Garantex биржасынын 100 миллион доллардан ашык транзакциясы мыйзамсыз субъектилер, анын ичинде даркнет-рыноктор жана опузалап акча талап кылган программаларды таратуу менен алектенген топтор экенин талдоо көрсөткөн.
"2022-жылдын февраль айында Garantex Эстониянын санариптик активдер чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү лицензиясынан ажыратылган. Анткени өлкөнүн Каржылык чалгындоо кызматы акча адалдоого жана террорчулукту каржылоого каршы туруу системасында (AML/CFT) олуттуу кемчиликтерди аныктаган. Кылмыштуу иштер үчүн колдонулган капчыктар менен байланышы табылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Жүз миңдеген колдонуучунун криптоэсептерин тейлеген Garantex биржасына жөнөтүлгөн каражаттардын көбү кылмыштуу максатта колдонулган башка криптовалюталык биржалардан келгени айтылууда.
Финансы министрлиги белгилегендей, кылмышкерлер өз каражаттарын Garantex криптобазарына жайгаштыргандан кийин алар анын биржалык кызматтарын колдонуп, мыйзамсыз жол менен тапкан каражаттарын адалдашкан.
2022-жылы санкциялык тизмеге киргенден кийин Garantex каржы мекемелеринин криптовалюталык капчыктардагы кыймылды көрүүсүнө тоскоолдук кылган инфраструктураны иштеп чыгып, өзүн жана кардарларын санкциялардан коргоону көздөгөн. Мындай кадам аркылуу мыйзамсыз иштерге аралашкан уюмдарга, жеке жактарга каражат сактоого жана башка кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берген деп шектелүүдө.

Grinex криптовалюталык биржасынын пайда болушу

"Grinex түзүлгөндөн бери миллиарддаган долларды криптовалюталык транзакцияларга которууга көмөктөшкөн. Мындан улам АКШнын Каржы министрлиги платформаны санкциялык тизмеге киргизди. Анткени Garantex аны көзөмөлдөйт же ага таандык. Түз же кыйыр кызыкчылыгы бар", —деп айтылган кабарда.
Garantex Grinex криптобиржасына акча которуу схемасын иштетип, өз кардарларына рубль менен камсыздалган A7A5 токенин колдонуу аркылуу санарип активин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бергенин АКШнын Финансы министрлиги ырастоодо.
"A7A5 токени кыргызстандык Old Vector фирмасы тарабынан Garantex жана молдовалык бизнесмен Илан Шор менен россиялык "Промсвязьбанк" көзөмөлдөгөн A7, A71 жана A7 Agent компанияларынын катышуусу менен чыгарылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Санкцияга кабылган жеке жактардын арасында Garantex криптобиржасын негиздеген Сергей Менделеев, коммерциялык директор Александр Мира Серда жана аймактык директор Павел Каравацкий да бар. Алар биржанын ишин жана анын мыйзамсыз каражаттар менен операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган компаниялар тармагын башкарууга катышкан деп шектелип жатат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Garantex криптобиржасынын жетекчилиги тууралуу маалымат үчүн 6 миллион долларга чейин сыйлык жарыялаганы буга чейин кабарланган. Александр Мира Серданы камакка алууга же сот жоопкерчилигине алып келген маалымат үчүн 5 миллион доллар убадаланган. Криптобиржанын башка негизги жетекчилери жөнүндө маалымат үчүн 1 миллион доллар каралган.
Жапаров: РФке санкция салгандардын кайра Москва менен кызматташкан фактылар бар