ЧОЛОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстан бирдиктүү эмгек рыногун жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Алдылбек Касымалиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө эмгектин өндүрүмдүүлүк деңгээли экономикалык өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
"Экономикалык өсүш шартында биздин өлкөлөр жогорку квалификациялуу кадрлардын тартыштыгын сезүүдө, ал эми ар кандай чектөөлөрдүн айынан эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгү төмөндөп жатат. ЕАЭБ ичинде эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу — евразиялык интеграциянын чоң жетишкендиги. Кыргызстан эмгек рыногун өркүндөтүү, жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу жана өндүрүмдүүлүктү арттыруу боюнча бардык демилгелерди колдойт", — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле ЕАЭБде эмгек рыногун мындан ары либералдаштыруу жана жумушчулардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
Ушул тапта Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы жыйыны өтүүдө. Биримдиктеги республикалардын өкмөт башчылары соода, бажы, транспорт инфраструктурасы, мунай жана газ рыногу, медицина каражаттары менен дары-дармек рыногун өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулап жатышат. Отурумга байкоочу өлкө болгон Өзбекстан, Куба жана Ирандан өкүлдөр келген.