Касымалиев Чолпон-Атадагы ЕАЭБдин жыйынында бир катар сунуштарды жасады

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Кыргызстан бир катар сунуштарды жасады.
Иш-чарага төрагалык кылып жаткан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев уюмдун, анын ичинде Кыргызстандын ИДПсы өскөнүн белгиледи.
Ошондой эле ал бир катар сунуштарды жасады:
экономикасы чакан өлкөлөрдөгү долбоорлорду каржылоо шарттарын жеңилдетүү. Технологиялык жабдууларды жеткирүү жана кооперцияларга катышкандардын минималдуу саны боюнча критерийлерди кайра кароо;
Чоң Евразиянын бирдиктүү транспорт-логистикалык мейкиндигин түзүү жана эл аралык транспорт коридорлоруна интеграциялоонун темптерин басаңдатпоо керек. Мында чек арадагы инфраструктураны өнүктүрүү негизги ролду ойнойт. Анткени чек арадагы кармалууларды 50 пайызга кыскартуу экспортту 20 пайызга жогорулатат деп эсептелет;
бирдиктүү санариптик мейкиндикти өнүктүрүү, бул бизнес чыгымдарын азайтып, ишенимди жогорулатат. Бажы процедураларын санариптештирүү буга чейин оң натыйжаларды берген;
ЕАЭБ ичинде эмгек ресурстарынын эркин жүрүүсүн камсыздоо жана жумушчулардын квалификациясын жогорулатуу аркылуу эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу. Кыргызстан эмгек рыногун либерализациялоо боюнча демилгелерди колдойт.
Ушул тапта Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы жыйыны өтүүдө. Биримдиктеги республикалардын өкмөт башчылары соода, бажы, транспорт инфраструктурасы, мунай жана газ рыногу, медицина каражаттары менен дары-дармек рыногун өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашууда.
Отурумга байкоочу өлкөлөр: Өзбекстан, Куба жана Ирандан өкүлдөр келген.
Ысык-Көлдө Кыргыз-Россия экономикалык форуму кандай өтүп жатат? Видео