Радио

Ысабеков: курулуш компанияларынын салык төлөө механизмдерин өзгөртүү каралууда

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков курулуш тармагындагы мыйзам бузуулар жана салыктын түрлөрү менен байланышкан көйгөйлөр тууралуу айтты.
Sputnik
Республикада айрым курулуш компаниялары салыктан качып, кардарларына батирин жылдап эксплуатацияга бербей жүрөт. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым курулуш компанияларынын кесепетинен мамлекет да каражаттан кол жууп калууда.
"Кээ бир курулуш компаниялары мыйзамдарды бузуп жатканын үй алган жарандардын социалдык тармактагы кайрылуусунан билип жатабыз. Алар жарандардын акчасын алып, үйлөрдү убагында бүтүрүп бербей же бүткөн күндө дагы ээсине өткөрбөй жатканы чоң маселе болуп турат. Сатып алгандардын көбү — мигранттар. Ушундай жол менен карапайым адамдардын күн-түн иштеп төлөгөн каражаты зыянга учуроодо. Алар каттоого тура албай, социалдык жактан да кыйналышууда. Ал эми курулуш компаниялары батирлерди тегиз сатып, пайда көргөндөн кийин гана салыктарын төлөшөт. Башкача айтканда, мүлктү сатып, менчик укугун бергенден кийин салык маселеси чыгат. Эгер алар убагында эксплуатацияга бербесе, анда бир нече салыкты төлөбөй турушат. Ошол себептен акчаны үй курулуп жаткан учурда эле алып, бирок жылдап өткөрүп бербеген компаниялар бар. Мунун арты менен мамлекет да салыктан түшкөн кирешеден кол жууп калууда", — деди Ысабеков.
Ал мындай мыйзам бузууларды жоюунун механизмдери ойлонулуп жатканын белгиледи.
"Курулуш компанияларынын арасында кардарларына техпаспортторун бербей, "банкрот болдук" деп качып кеткен же болбосо ишти алгач 2-3 киши баштап, кийин бири-бирине шылтап жүрө бергендери да бар. Мүлктү документ түрүндө кардарга өткөрүп бербеген курулуш компаниялары улам жаңы объектилерди баштай берет. Ошондуктан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулушка уруксат берүү кагаздарын карап жатат. Биз дагы өзүбүзгө тийиштүү жагына анализ жүргүзүүдөбүз. Өз ишин таза алып барган, салыкты убагында төлөгөн курулуш компаниялары менен да жолуктук. Тең атаандаштык болушу шарт. Учурда мындай мыйзам бузууларды жоюунун механизмдерин ойлонуп жатабыз. Эксплуатацияга берилген-берилбегенине карабастан кардардан акчаны алган соң салыкты төлөшү керек. Мына ушул жагын да карап жатабыз. Бирок кээ бир компаниялардын суранычын эске алганда, жалпы режимден бирдиктүү салыкка өтүүдө айрым көйгөйлөр бар", — деди адис.
Ал мыйзам боюнча ар бир кирешеге салык төлөнүшү керектигин кошумчалады.