КР менен РФтин билим берүү министрлери Көлдө жолукту. Талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов менен Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков Кыргыз-Россия Славян университетинин Ысык-Көлдөгү "Жаштык" окуу-саламаттык сактоо комплексинде жолукту.
Алар КРСУну өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
Бактияр Орозов КРСУнун Чүйдө салына турган жаңы кампусу учурдагы маанилүү долбоорлордун бири экенин белгиледи.
"Кампус үчүн бериле турган жер аныкталган, даярдык иштери жүрүүдө", — деди министр.
Орозов россиялык кесиптешине билим берүү демилгелерин жана ар дайым сүйлөшүүгө даярдык көрсөткөндүгү үчүн ыраазылыгын билдирди.
Өз кезегинде Валерий Фальков КРСУнун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ал ошондой эле окуу жайдын ректору Сергей Волков баш болгон команда студенттер менен мугалимдер үчүн сапаттуу программа даярдаганын кошумчалады.
Мындан тышкары, жолугушууда "Жаштык" окуу-саламаттык сактоо комплексин жакшыртуу, анда окугандардын санын көбөйтүү маселеси каралды.
Фальков Кыргызстанга РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин жетектеген делегациянын курамында келген. Алар Ысык-Көлдө өткөн Евразия эл аралык өкмөттөрдүн кеңешинин жыйынына катышты.
"Евразиялык өзгөрүү". Кыргызстандык мугалимдер кесипкөйлүгүн жогорулатууда