Чагым! РФтин Коргоо министрлиги Киевдин Сумы базары боюнча айыптоосун четке какты

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Киевдин "Сумыдагы базарга кол салуу болду" деген айыптоосу Аляскада боло турган Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамптын сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн жасалган чагым. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

"Россиялык күчтөр Сумы базарына жана башка жактарга эч кандай сокку урган жок. Коргоо министрлиги Киевдин чагымчыл иш даярдап жатканынан мурун эле кабардар болгон", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, РФтин Коргоо министрлиги буга чейин Киев режими 15-августка белгиленген Россия менен АКШ сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн чагым даярдап жатканы тууралуу билдирген.
"Жума күнкү саммиттин алдында Украинанын Куралдуу күчтөрү калк жыш жайгашкан конуштардын бирине же ооруканага пилотсуз учактарды жана ракеталарды колдонуп чабуул коюуну пландаштырууда. Аны Батыштан алып келинген журналисттер дароо чагылдырат. Киев режими бул чагымчыл ишин сүйлөшүүгө тоскоолдук кылуу үчүн Россиянын Куралдуу күчтөрүнө шылтайт", — деп жазылган министрликтин маалыматында.
Бир нече сааттан кийин Россия менен АКШ президенттеринин Аляскадагы жолугушуусу башталат. Дүйнө кулак түрүп турган бул кездешүү Эльмендорф-Ричардсон аскер базасында өтөт. Саясатчылар алгач көзмө-көз өздөрү гана жолугуп, андан кийин делегация мүчөлөрү да катышат. Кийинки сүйлөшүү эртең мененки нанүштөдө уланмакчы.
Жолугушуунун негизги темасы Украина кризисин жөнгө салуу болот.
Трамп саммиттен кийин Путин, Зеленский болуп жолугууга ниеттенип жатат