ЧОЛПОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы жыйыны башталды.
Биримдиктеги республикалардын өкмөт башчылары соода, бажы, транспорт инфраструктурасы, мунай жана газ рыногу, медицина каражаттары менен дары-дармек рыногун өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашат.
Отурумга байкоочу өлкөлөрдүн (Өзбекстан, Куба жана Иран) дагы өкүлдөрү катышууда.
Эске салсак, аталган жыйын кечээ башталып, маселелер тар курамда каралган.