Бүгүн биржалык сооданын программасын бекиттик. Мишустиндин Чолпон-Атадагы сөзү

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыздоо максатында чектөөлөрдү алып салуу иштерин улантуу керек. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин билдирди.
Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты.

"Бүгүн биржалык сооданы өнүктүрүүнүн негизги программасын бекиттик. Анын аткарылышы жогоруда аталган тармактарда жалпы рынокту түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ишкерлерге бул бешилтиктин ар бир өлкөсүндө соодага катышууга шарт түзүлөт. Өнөктөштөрдү табуу жана продукцияны минималдуу чыгымдар менен сатып алуу жеңилдейт", — деди ал.

Мишустиндин кебинин башка дагы урунттуу учурлары:
бирикменин ИДПсы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 4,4 пайызга өстү, 2025-жылдын январь-мартында 2 пайызга көбөйдү;
ЕАЭБде өз ара сооданын көлөмү өткөн жылы 6,8 пайызга өсүп, болжол менен 9 триллион рублге жакындады. Негизги потенциал андан да жогору, аны ачуу үчүн жалпы транспорттук мейкиндик түзүп жатабыз;
союздаштык рынокко чет өлкөдөн келген товарлардын наркына натыйжалуу бажы көзөмөлүн камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү зарыл;
дары-дармектерди, медициналык буюмдарды каттоо жол-жоболорун мындан ары да өркүндөтүү, өндүрүүчүлөрдүн ортосунда кызматташтыкты жолго коюу зарыл. Жарандардын ден соолугу ар дайым биринчи орунда турат.
Белгилей кетсек, Мишустин жыйында сүйлөгөндөн кийин ЕАЭБ саммитинен кетти. Айтымында, Аляскада Россия менен АКШ жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүп жаткандыктан Москвага кайтууга туура келүүдө.
Садыр Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустинди кабыл алды