Сагинтаев: ЕАЭБдеги бажы алымынан 15 млрд. доллар түштү

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 15-авг. — Sputnik. Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине бажы алымынан 15 миллиард доллар түштү. Бул соңку беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин ЕЭК коллегиясынын жетекчиси Бакытжан Сагинтаев билдирди.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери каражаттын кайда сарпталганы тууралуу маалыматты Чолпон-Атадагы жыйында угушту. Сагинтаевдин отурумдун жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсү:
соода, транспорт инфраструктурасы, мунай жана газ рыногундагы маселелер талкууланды;
жалпы товардык биржа рыногунда сооданы өнүктүрүү программасы бекитилди. Аны толук ишке киргизүү 2029-жылга пландалган;
медицина каражаттары жана дары-дармек рыногун мындан ары өнүктүрүүнүн жалпы концепциясы макулдашылды.
Өзбекстандын премьери Арипов ЕАЭБдеги байкоочулук статустун пайдасын айтты