Октябрда мектептерге Россиядан орус тили жана адабияты китептери алып келинет

Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Октябрь айында Кыргызстандын мектептерине Россиядан орус тили жана адабияты боюнча жаңы окуу китептер алып келинет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Министр Догдуркүл Кендирбаева Чолпон-Ата шаарында Россиядан келген кесиптештери, Билим берүү министрлигинин башчысы Сергей Кравцов, илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолуккан.

"Орус тили жана окуу", "Орус тили", "Орус адабияты", "Орус жана дүйнөлүк адабият" предметтери боюнча окуу китептер эки өлкөнүн жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Аларды 1, 2, 5 жана 7-класстар окуйт.

Ысык-Көлдө ЕАЭБдин өкмөттөр аралык отуруму өттү. Видео