16-августка карата аба ырайы

16-августта түнкүсүн республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 30…35, Талас өрөөнүндө 28…33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 31…36, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын облусунда 26…31 градус болот.
Күндүн табы баш калаа Бишкекте 33…35, Ош шаарында 32…34, Чолпон-Атада 24…26 градус ысыйт.
Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда