Жакында Монголияда мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, анда Кыргызстан жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Курама команда жалпы 9 алтын медаль жеңип алды. Ири турнирде 70 кг салмакта Азамат Асанов күмүш, Дилбара Иманканова алтын медаль утту. Спорттук үй-бүлө буга чейин Сахада(Якутия) өткөн дүйнө биринчилигин да багындырган. Көчмөндөр оюндары, Азия чемпионаты, бир катар эл аралык мелдештерди уткан таяк тартыш боюнча чеберлердин спорттогу жетишкендиктери тууралуу сүйлөштүк.