Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Октябрь айында Кыргызстандын мектептерине Россиядан орус тили жана адабияты боюнча жаңы окуу китептер алып келинет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Министр Догдуркүл Кендирбаева Чолпон-Ата шаарында Россиядан келген кесиптештери, Билим берүү министрлигинин башчысы Сергей Кравцов, илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолуккан. "Орус тили жана окуу", "Орус тили", "Орус адабияты", "Орус жана дүйнөлүк адабият" предметтери боюнча окуу китептер эки өлкөнүн жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Аларды 1, 2, 5 жана 7-класстар окуйт.
Бүгүн, 15-августтан тарта, Москва шаарында өтүп жаткан "Евразия өзгөрүүлөрү" II эл аралык педагогикалык форумуна Россия менен Кыргызстандан барган 200дөн ашуун мугалим катышууда. Бул тууралуу "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюму билдирди. Иш-чара бирдиктүү билим берүү стандарттары боюнча иштей турган педагогдордун жана эксперттердин эл аралык тобун даярдоо максатын көздөйт. Бул Россия менен Кыргызстандын ортосунда жалпы билим берүү мейкиндигин түзүүгө жардам берет. Уюштуруучулар билдиргендей, баргандар окутуунун заманбап ыкмалары, билим берүүдөгү санарип технологиялар менен таанышып, мастер-класстарга, лекцияларга катышууда. Анда өзгөчө балдар, тарбиялоодо кыйынчылык жараткан өспүрүмдөр менен иштөө, мугалимдердин кесиптик чарчоосуна каршы күрөшүү маселелери талкууланып жатат. Форумдун катышуучуларынын арасында Россия Агартуу министрлигинин, Россотрудничество, Москва жана Башкыртстандын педагогикалык университеттеринин жана Кыргызстандын билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү бар.
Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджетине бажы алымынан 15 миллиард доллар түштү. Бул соңку беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин ЕЭК коллегиясынын жетекчиси Бакытжан Сагинтаев билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери каражаттын кайда сарпталганы тууралуу маалыматты Чолпон-Атадагы жыйында угушту. Сагинтаевдин билдиргендей, отурумда соода, транспорт инфраструктурасы, мунай жана газ рыногундагы маселелер талкууланды; жалпы товардык биржа рыногунда сооданы өнүктүрүү программасы бекитилди. Аны толук ишке киргизүү 2029-жылга пландалган; медицина каражаттары жана дары-дармек рыногун мындан ары өнүктүрүүнүн жалпы концепциясы макулдашылды.
Нарында КамАЗы көпүрөдөн кулаган айдоочунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 41 жаштагы Азамат Асанбековдун сөөгүн милиция Ак-Кыя аймагынан тапкан. 13-августта Нарын облусунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын туташтырган көпүрө урап, жүк ташуучу унаа сууга кулап кеткен. Ошондон бери анын айдоочусу изделип жаткан.