Алдыңкы өлкөлөрдүн ыкмалары Кыргызстандын тажырыйбасы менен айкалыштырылды — Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы программасы даярдалды

Sputnik
Жаңы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү программасы даярдалып, ишке кирди. Агартуу министрлигинин кабарлашынча ал Россия, Өзбекстан, Корея, Япония, Сингапур, Түркия жана башка өлкөлөрдүн жана өзүбүздүн алдынкы программаларды изилдөө менен иштелип чыккан. Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул программанын өзгөчөлүктөрү тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Агартуу министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу Индира Дууланова жооп берди.