ЕАЭБде 10 жыл: Кыргыз-Россия VII экономикалык форуму

Sputnik
Ысык-Көл облусунда Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Ал быйыл ЕАЭБдин 10 жыллдыгына арналган. Уюмга мүчө өлкө өкмөт башчылары бүгүн жыйынга чогулуп, 10 жыл аралыгында аткарылган иштер жана келечек пландарды талкуулашат. Кечээ форумдун ачылышында биримдик өлкөлөрүнүн лидерлери кайрылуу жасап, уюмдун маанисин баса белгилешкен. Андан соң келген катышуучулар өз секциялрына бөлүнүп, бир нече панелдик жыйындар өтүп, көргөзмө ачылып, ишкерлер бири-бири менен таанышууга жакшы шарттар түзүлгөн. форумндун жүрүшүн биздин радионун көчмө студиясы да үзгүлтүксүз чагыдырып турду. Бүгүнкү атайын чыгарылышта биз көчмө студиядагы кесиптешибиз Асылбек Бактыбеков менен байланышып иш-чара тууралуу маалымат алып, андан соң келген коноктордун айрымдарын кепке тартабыз.