ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде никотин камтыган товарларды жайылтууга чектөө кирди. Бул кыргыз экономикасына кандай таасир берет?

Sputnik
ЕЭК Кеңеши мыйзамсыз никотин камтыган товарларды жайылтууну токтотуу чечимин кабыл алды. Бул бизге эмне берет, учурда абал кандай, сырттан кирүүчү жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбалар колдонула турган товарлардын кошумча категорияларын аныктоо чечимин кабыл алынгандыгын кандай түшүнүүгө болот, навигациялык пломбалар учурда толук ишке кирдиби, кайсы товарларга өңдүү бир катар суроолор менен Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдарбек Самыкбаевге суроо узатып жооп алдык. Ал эми салык кызматынын өкүлү Бакыт Акматов акциздик маркалардын колдонулушу менен никотин кошулган продукциянын ички жүгүртүүсү кандайча көзөмөлдөнөрүн түшүндүрүп берди.