Кесепетин жойгондон көрө алдын алган жакшы деген кеп бар. Ошондуктан окуя болгондон кийин чуу түшкөнчө алдын ала коргоо, сактоо чараларын көргөн дурус. Бүгүнкү “Күн башат” программасында табиятты коргоо экологиялык коопсуздукту сактоо чаралары тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Экологиялык контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору Таалайбек Джумаев жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Экологиялык контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору Нурбек Орозобаев жооп берди.