Ысык-Көлдө Касымалиев менен Мишустин жолукту. Талкууланган маселелер

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 14-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга келген Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен Ысык-Көлдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Касымалиев жолугушууда Владимир Путиндин ушул жылдын ноябрында өтчү ЖККУ саммитине келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтты. Ал ошондой эле эки өлкөнү достук, маданий-гуманитардык байланыштар жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турарын белгиледи.
"Жыл сайын биздин шаарлар менен аймактардын ортосунда боордоштук байланыштар түзүлүүдө. Эки өлкөнүн аймак башчыларынын өз ара сапарлары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Былтыр товар жүгүртүү 3,9 миллиард долларды түздү. Тараптар белгиленген 5 миллиард долларлык көрсөткүчкө ишенимдүү жакындап келе жатат. Быйыл Россиянын колдоосу менен Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн да ачуу пландалууда", — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле Кыргызстандын ЖККУдагы жана келерки жылы ШКУдагы төрагалыгы Россия менен кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Ал эми Мишустин Россия Кыргызстан менен болгон боордоштук мамилелерди жогору баалап, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты арттырууга даяр экенин айтты.
РФ премьери быйыл өлкөлөр Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгын белгилеп жатканын эске салды. Айтымында, товар жүгүртүү өсүп, Кыргызстандын экономикасына россиялык инвестициянын көлөмү көбөйүүдө.
"Республикада Россия катышкан 1700дөн ашык ишкана бар. Алар энергетика, өнөр жай, санариптик технологиялар жаатында долбоорлорду ишке ашырат. Биргелешкен ишканаларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты камсыз кылуу негизги максатыбыз", — деди Мишустин.
Ал айыл чарба, тынчтык атому жана башка бир катар тармактарда долбоорлорду сунуштап жатышканын кошумчалады.
Михаил Мишустин Кыргызстанга келди