Ысык-Көлдө Кыргыз-Россия экономикалык форуму кандай өтүп жатат? Видео

Бостеридеги Кыргыз-Россия экономикалык форумуна ар кайсы өлкөлөрдөн жүздөгөн ишкерлер жана аткаминерлер чогулду. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иш-чаранын уюштуруучусу болуп саналат.
Sputnik
Ачылыш аземинде Россия менен Кыргызстандын президенттеринин жолдогон билдирүүлөрү окулду. Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү ыкчам темп менен өсүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров былтыр Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3,9 миллиард долларга жетип, 25 пайыз өсүштү көрсөткөнүн белгилеген. Ошол эле маалда Кыргызстандын экономикасына Россиядан келген түз инвестициянын көлөмү 280 миллион долларды түзгөн.
Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев форум тажрыйба алмашуу, биргелешкен демилгелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берип жатканын айтты.
РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан экономикалык өсүштүн рекорддук көрсөткүчүнө жетип жатканына токтолду.
Форумда миллион долларлык келишимге кол коюлат.