Путин Кыргызстанга инвестиция салгандардын сап башында Россия турганын айтты

Sputnik
БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн алдыңкы катарында Россия турат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путиндин Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форум катышуучуларына жасаган кайрылуусунда айтылды.
Өлкө башчынын сөзүн РФ президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысы Игорь Маслов окуп берген.
Кайрылууда эки өлкөнүн ортосунда мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын негизинде өнүгүп жатканы белгиленип, буга экономикалык кызматташтык негиз экени айтылган.
"Эки тараптуу соода жүгүртүү жогорку темп менен өсүп жататат. Россия Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы орунда турат. Мында форумдун салттуу уюштуруучусу болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу чоң. Фонд ишин баштагандан бери 3,5 миңден ашуун долбоорго 900 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Анын көмөгү менен Кыргызстанда заманбап өндүрүш ишканалары жана социалдык объектилер курулуп, он миңдеген жумуш орундары түзүлүүдө", — деп айтылат Путиндин кайрылуусунда.
РФ президенти форумдун темасы санариптик суверенитетти камсыздоо жана технологиялык кооперация экенин эске салып, акыркы жылдары биргелешкен экономикалык долбоорлордо жогорку технологиялардын ролу өсүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, форумда санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн зарыл болгон электрондук соода, санариптик каржы операциялары, жасалма интеллектини колдонуу маселелери талкууланары айтылды.
Аталган форум Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жатат. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн коноктор катышууда.
Жапаров: ЕАЭБ аймакта санариптик трансформациянын лидерине айланышы керек