БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров Ысык-Көлдө башталган Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына кайрылды. Аны президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев окуп берди.
Кайрылууда эки өлкөнү кылымдардан бери достук мамиле, маданий жана гуманитардык байланыштар, жалпы баалуулуктар бириктирип турганы белгиленген.
"Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири бойдон калууда. 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 3,9 миллиард долларга жетип, 25 пайызга өскөн. Кыргызстандан Россияга экспорт дээрлик 40 пайызга жогоруласа, өткөн жылы Россиядан келген түз инвестициялар 280 миллион долларды түзгөн", — деген Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы ЕАЭБ өлкөлөрү маалымат технологиялары жаатында чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин жана биримдик аймакта санариптик трансформациянын лидерине айланышы керектигин баса белгиледи.