ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамга өз ара тааныла баштайт

Sputnik
БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. ЕАЭБ жакында электрондук санариптик кол тамганы өз ара тааный баштайт. Бул тууралуу ЕЭКтин профилдик министри Варос Симонян Ысык-Көлдө башталган Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, электрондук документ жүгүртүү кыял эмес, реалдуулукка айланат.
Симонян жыл соңунда боло турган саммитте "бештиктин" лидерлерине бул боюнча маалымат берилерин белгиледи.
Буга чейин санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Кыргызстандын электрондук документтерин ЕАЭБде таанытуу боюнча иш жүрүп жатканын кабарлаган.
Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген теманын алкагында талкуулар жүрүүдө.
Оверчук: Кыргызстанда Россиянын катыштыгы бар 1 700 компания иштеп жатат