ЖМК: Трамп Зеленский бардык көйгөйдүн себепкери деген ойдо турат

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп, кыязы, азыркыга чейин Владимир Зеленскийди Украинадагы согушту жөнгө салууга жолтоо болгон негизги көйгөй катары көрүп жатат. Бул туурасында Financial Times басылмасы ысымын атагысы келбеген аткаминерге таянып жазды.
Трамп менен Зеленскийдин мамилеси февралдагы кайым айтышуудан кийин суук селки тартып кеткен.
"Украин аткаминерлери Ак үйдүн кожоюну Аляскада Путин менен түзө турган келишимге макул болууга Киев бийлигинин башчысына мурдагысындай эле басым жасоого аракет кылышы мүмкүн деп бир топ түйшөлүп турушат", — деп жазган басылма.
Эскерте кетсек, Зеленский 28-февраль күнү сейрек кездешүүчү металлдар боюнча макулдашууга кол коюу үчүн Вашингтонго барып, бирок АКШ президенти Дональд Трамп менен айтыша кеткен. Америкалык лидер ок атууну токтотуп, Россия президенти Владимир Путинди ыксыз сындай бербөөгө чакырган. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс эпке келбеген Зеленский актанып, Россияны айыптап, АКШны коркута баштаганда аны нысапсыз үгүтчү деп атаган. Украина делегациясы Ак үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болуп, келишимге кол коюлбай калган.
АКШ тарап Зеленскийдин кечирим суроосун талап кылган болчу. Киев режиминин жетекчиси Ак үйдөгү окуяга өкүнүп жатканын билдиргени менен кечирим сураган эмес.
Өткөн ишембиде Кремль жана Ак үй Путин менен Трамптын жолугушуусун 15-августта Аляскада өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын жарыялашкан.
Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар Украинадагы абалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун талкуулаганга көңүл бурушат. Ал Аляскада жана Арктикада эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктары бар экенин, масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги айкындыгын белгилеген.
АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф РФ лидери менен жолукканда Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу тууралуу маселени да козгоп, бирок Москва сунушту жоопсуз калтырган эле.
Путин Зеленский менен жолугушу ыктымалдыгын айткан. Бирок ал үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин, ал эми сөз болгон шарт-жагдай жакында боло койбостугун белгилеген. Ал эми Киев бийлигинин башчысы аймактар боюнча маселеде артка чегинбестигин билдирген болчу.
ЖМК: Трамп Путин менен жолуккан соң ЕБ жана Украинаны тынчтыкка мажбурлашы мүмкүн