БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлер жана Владимир Зеленский менен сүйлөшүү учурунда фронттогу линияларды ошол тейде кармап туруу жана аймактарды алмашуу сунушун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ак үй башчысы аны менен катар эле Аляскада Владимир Путин менен боло турган жолугушуу тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда айтылгандардын маанилүүлөрү:
саммиттен соң Трамп Россия президенти менен Зеленскийдин "дароо жолугушун" каалайт;
эгер Путин менен сүйлөшүп, оюндагыдай зарыл жоопторду ала албаса, кийинки жолугушуу болбойт;
жума күнү ок атышууну токтотууга макул болбосо Россияга мунун кесепети тиет;
Трамп "фронттун арбын бөлүгүндөгү кармашты токтото турууну" сунуш кылганын Axios порталы өзүнүн маалымат берген кишилерине таянып билдирди.
Axios жазгандай, Трамп европалык саясатчылар менен Зеленскийге аймактар боюнча акыркы чечимди кабыл ала албастыгын айткан. Бирок "жер алмашуу" — тынчтык келишиминин зарыл болгон бөлүгүнүн бири.
ТИМдин Маалымат департаментинин директорунун орун басары Алексей Фадеев Россиянын аймактык түзүлүшү Конституцияда бекитилгенин жана Путин менен Трамптын алдыдагы жолугушуусунда талкууланбастыгын айтты.
Россия менен АКШнын саммити
Өткөн ишембиде Кремль жана Ак үй Путин менен Трамптын жолугушуусун 15-августта Аляскада өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын жарыялашкан.
Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, тараптар Украинадагы абалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун талкуулаганга көңүл бурушат. Ал Аляскада жана Арктикада эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктары бар экенин, масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги айкындыгын белгилеген.