БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К. кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин Ж.С.Ж аттуу жаран жетекчисинин жосунсуз аракетин айтып, чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.
"Шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, кол алдындагы кызматкерге мессенжер аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык зордук көрсөтүп, интимдик мамилеге мажбурлаган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" беренеси менен иш козголуп, кармалган жаран атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.