Сербиядагы башаламандыктан 70 киши жабыркады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Белград шаарында түндө 60тай жай жаран жана полициянын 16 кызматкери Серб прогрессивдүү партиясынын кеңсесинде болгон башаламандыктан жабыркады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Александр Вучич билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алтымыштан ашык жай тургун жабыркады, Серб прогрессивдүү партиясынын кеңсесинде санын 64 киши деп чыгарышты. Акыркы мүнөттөрдө аларга тез жардамдын барышын камсыздадык", — деген Вучич ИИМде берген брифингде.
Мамлекеттин башчысы кырдаалды жөнгө салып, тартипке келтириш үчүн ишке чыга турган полиция кызматкерлеринин саны арбый турганын билдирди. Анын айтымында, Сербия боюнча алганда нааразылыкка чыккандардын саны көп болгон эмес. Белград жана анын жака-белинен 3 084, ал эми Нови-Сад шаарынан 1 695 киши болгону белгиленди.
"Полициянын 16 кызматкери жабыркады, алардын ичинен экөөнүн жаракаты оор. Экөө тең Белград шаарынан", — деди Вучич.
Башаламандык Серб прогрессивдүү партиясынын бир нече шаардагы бөлүмдөрү жайгашкан көчөлөрдө жаралган. Серб ИИМинин башчысы ээнбаштар 48 сааттын ичинде кармалып, жазасын аларын убадалады.
Сербиядагы студенттер менен оппозиция өкүлдөрүнүн нааразылыгы Нови-Сад шаарында темир жол бекетиндеги курулуштун бир бөлүгү урап, анын кесепетинен 16 киши каза тапкандан кийин от алган. Окуя былтыр 1-ноябрда болгон.
Уюшкан кылмыштуу иштер боюнча прокуратура полиция менен биргелешип, тиешеси бар деген 12 кишини кармаган. Алар аталган бекетти реконструкциялоо боюнча келишимди Сербиянын бюджетине 115,5 миллион доллар чыгым келтиргендей кылып түзгөн деп шектелип жатат.
"Вечерние новости" өкмөттү колдогон Informer басылмасынын артынан эле уюшкан кылмыштар боюнча прокуратуранын жана полиция башкармалыгынын бир бөлүгүнүн бул жааттагы иштерин "европалыктардын буйругу менен жасалган мамлекеттик төңкөрүш аракетине" теңеди.
Сербия парламентинин төрайымы Ана Брнабич прокуратуранын кызматкерлерин суракта "гестапонукундай" ыкмаларды колдонууда деп айыптады.
Өкмөт бекеттин реконструкциясына тиешеси бар миңдеген документтерди жарыялаган. Мамлекет башчысы оппозициядагыларды кепке келүүгө чакырганы менен анысы жоопсуз калууда.
Лавров: Россия Сербиядагы башаламандыктын токтошуна кызыкдар