БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөгө алгачкы расмий сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди кабыл алды.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, анда кыргыз-россия мамилелеринин актуалдуу маселелери, товар жүгүртүү, инвестицияны көбөйтүү, ошондой эле билим берүү, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргызстандын азыркы чакырыктардын шартында ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ менен кызматташтыкты тереңдеткени өзгөчө актуалдуулукка ээ болорун айткан. Ал эртең Ысык-Көлдө өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ишинин маанисин белгилеген.
Россия өкмөтүнүн төрагасы Мишустин Жапаровдун жакында Москвага болгон сапары эки тараптуу мамилелерге жаңы дем бергенин айткан. Ал республикада 1700 россиялык компания иштей турганын, аларга жакшы шарттар түзүлүп жатканын белгилеген.
Россиянын 80 аймагы Кыргызстан менен түздөн-түз кызматташарын, жакынкы аралыкта өлкөдө жаңы долбоорлор менен XII аймактар аралык форум өтөрүн эске салган.
Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, анын ичинде 9 мектеп салуу долбооруна көңүл бурулган. ЕАЭБ алкагында иштешүү эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөрү белгиленген.