Wildberries Кыргызстандагы ишкерликти өнүктүрүүгө баш койду

Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 14-авг. — Sputnik. РВБ (Wildberries & Russ бириккен ишканасы) компаниясы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ), "Бакай банкы" Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду.
Бул Кыргызстандагы ишкерликтин өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн жасаларын айтышты.
Макулдашуунун максаты кичи жана орто бизнести колдоо, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, кыз-келиндердин ишкерлигин арттыруу, кыргызстандык ишкер аялдарды улут аралык электрондук коммерцияга, анын ичинде Wildberries маркетплейсине тартуу болду. РВБ аталган иш-чарада өзүнүн тактасын көрсөтүп, форумдун стратегиялык өнөктөшү макамында чыкты.
Макулдашуунун алкагында аталган компания ишкерлерди окутуп жана Wildberries плтатформасына чыгууга жардам кылып, жол көрсөтмөкчү.
РКӨФ долбоордун алкагында маалыматтык жана уюштуруу багыттарында жардам кылат. Мындан сырткары, ишкерлерге жеңилдетилген каржылоо сунуштоого даяр экендигин айтышты. Ал эми "Бакай банкы" долбоорго катышкандарга жеңилдетилген шартта насыя берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Үч тарап кол койгон макулдашуу Кыргызстандагы "Өнүгүү платформасы" деп аталган долбоордун ачылышындагы биринчи кадам болуп калмакчы. Бул — эл аралык деңгээлге чыккан ишкерлерди колдой турган программа.
РВБдин Эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Рафаэль Абрамян Кыргызстанда электрондук коммерция ыкчам өнүгүп бара жатканын белгилеп, жаңычылдыктар менен инфраструктуранын өнүгүшүнө салым кошууга даяр экендиктерин айтты.
"Азыр биз өз ара байланышкан эки маселени чечүүгө көңүл буруп жатабыз. Алар — кыргыз бизнесин улут аралык электрондук соодага активдүү тартуу жана Кыргызстандагы заманбап, эң ири электрондук соода товарлары үчүн логистикалык борборду түзүү. Булар өлкөдө онлайн-сооданын өнүгүшүнө түрткү болот", — деди Абрамян.
Ысык-Көлдө Касымалиев менен Мишустин жолукту. Талкууланган маселелер