ЫСЫК-КӨЛ, 14-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө III Россия-кыргыз медиафоруму башталды.
Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков форум эки өлкөнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишеним артты.
КРСУнун ректору Сергей Волков университет кампус курууну гана эмес, Ысык-Көлдөгү билим берүү борборун реконструкциялоо менен аны студенттер үчүн заманбап реабилитациялык борборго айландырууну да пландаштырып жатканын белгилеген.
III Россия-кыргыз медиафоруму жаштардын ортосундагы достукту чыңдоого багытталган билим берүүчү жана маданий программа болуп саналат.