Сариев: Россия экономикасы — океан, элинин сатып алуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору

Sputnik
БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Россиянын экономикасы океандай, россиялыктардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү абдан жогору. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунун биринчи сессиясында билдирди.
Ал Россиядагылар эски дос, ишенимдүү өнөктөш экенин түшүнүп жатканын белгиледи.
"Биз силерди эч качан жолго таштабайбыз, керектүү жерде жардам берип, кол сунабыз. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Россияда биздин товарларга суроо-талап күч. Тил жактан да кыйынчылык жок. Көбүбүз Советтер Союзунда калыптанганыбыздан менталитетибиз, ой жүгүртүүбүз да окшош", — деди Сариев.
Ал эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрүн тыгыз кызматташтык түзүү үчүн жеңилдиктерди иштеп чыгып, тоскоолдуктарды жоюуга чакырды.
Оверчук: Кыргызстанда Россиянын катыштыгы бар 1 700 компания иштеп жатат