Ушаков Путин менен Трамптын жолугушуусу саат канчада башталарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуусу Анкоридждин убактысы боюнча 11:30да (Бишкек убактысы боюнча ишемби 1:30) башталат. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Владимир Путин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүсү эртең, 15-августта, жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 11:30да башталат", — деди Ушаков журналисттерге.
Анын айтымында, президенттер алгач өздөрүнчө, андан соң делегация курамында жолугушат. Украин чырын жөнгө салуу негизги тема болот. Сүйлөшүүлөрдөн соң Путин менен Трамптын чогуу маалымат жыйын өткөрөрү күтүлүүдө.
Кремль менен Ак үй өткөн аптада Владимир Путин менен Дональд Трамп 15-августта Аляскада жолугушарын кабарлаган. Шейшемби күнү Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт саммит Анкориджде өтөрүн билдирди. CNN Ак үйдүн аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, жолугушуу "Эльмендорф-Ричардсон" аскердик базасында уюштуруларын кабарлады.
ЖМК: Трамп Зеленский бардык көйгөйдүн себепкери деген ойдо турат