Эл жазуучусу Өскөн Даникеев 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. КР эл жазуучусу, коомдук ишмер Өскөн Даникеев 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Даникеев 1934-жылы Чүйдүн Сокулук районунда туулган. 1956-жылы Москва тоо-кен институтун аяктап, көмүр өнөр жай тармагында эмгектенген. 1962-жылдан тартып Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуп иштеп, сызыктык геометрия боюнча кыргыз тилиндеги алгачкы окуу китебин жана инженердик-графикалык терминдердин сөздүгүн түзгөн.
"Кийин чыгармачылыкка аралашып, анын "Кыздын сыры", "Сыйкырдуу таш", "Өмүр белестери", "Көкөй кести" сыяктуу чыгармалары кыргыз адабиятынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Көкөй кести" романы үчүн ага Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган", — деп айтылат кабарда.
Коштошуу зыйнаты 15-августта саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылды.
Журналист, акын Сонунбү Кадырова акка моюн сунду