БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстанга келди.
Аны "Тамчы" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Мишустин Чолпон-Ата шаарында өлкө жетекчилиги менен жолугат. Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышмакчы.