БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1 700 россиялык компания иштейт, акыркы эки жылда 70 пайызга көбөйдү. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-Россия экономикалык форумунда айтты.
Ал былтыр Кыргызстанга дээрлик 200 миллион доллар көлөмүндө түз инвестиция келгенин, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көп экендигин белгиледи.
Оверчук форумда төмөнкүлөргө токтолду:
товар алмашуунун көлөмү өсүүдө, быйыл январь-май айларындагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 18,2 пайызга көп болду;
Кыргызстан экономикалык өсүштүн рекорддук көрсөткүчүнө жетүүдө. Буга ЕАЭБдин кошкон салымы чоң;
Россияда "Яндекс GPT-5" жана "ГигаЧат" ишке кирди. Кыргызстандык ишкерлерди акчаны үнөмдөп, атаандаштыкка туруштук берген ушул чаттарды колдонууга чакырам;
бүгүнкү күндө санариптик көз карандысыздык экономикалык туруктуулук менен коопсуздукка гана эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөргө дагы жол ачат. ЕАЭБде бул мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен колдонууга бардык шарт бар.
Эске салсак, Ысык-Көлдө "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген темада Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан жана башка өлкөлөрдөн коноктор катышууда. Иш-чаранын алкагында конференцияда кызматташуунун келечеги жана азыркысы талкууланып жатат.