БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бостери аймагында өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында көргөзмө-жарманке ачылды.
Иш-чарага ондогон ата мекендик компаниянын өкүлдөрү катышууда. Көргөзмөгө россиялык ишкерлерди кызыктырган транспорт техникасынан баштап тамак-ашка чейин коюлган. Мисалга, кыргызстандык ишкерлер сейрек кездешкен альбинос-осетр балыгын көрсөтүшкөн. Анын уругу 20-30 миң доллар турат.
Эскерте кетсек, форум бүгүн жыйынтыкталат.