ЧОЛПОН-АТА, 14-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды.
Анда жалпысынан 20 маселе каралат. Төртөө ушул тапта башталган тар чөйрөдө каралса, калган 16сы эртең, 15-августта, өтө турган кеңири курамда каралат.
Жыйында жылдык отчеттор, мунай жана газдын жалпы рынокторун түзүү жөнүндө баяндамалар талкууланары айтылды.
Мындан тышкары, ЕАЭБ алкагында транспорт саясатын өркүндөтүү, логистиканы жакшыртуу, Кытай менен темир жол ташууларын санариптештирүү маселелери бар.
ЕАЭБди 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу темасы да каралат. Ошондой эле климаттык саясат, медициналык буюмдар жана дары-дармектин жалпы рыногун түзүү, коопсуздук жана сапат боюнча бирдиктүү талаптарды киргизүү талкууланмакчы.