Амангелдиев: былтыр Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 11,5 млрд сомдон ашты

Sputnik
БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Былтыр Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси 11,5 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев VII Кыргыз экономикалык форумунда билдирди.
Ал форумдун темасы "Санариптик суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" экенин эске салып, бул контекстте Кыргызстан санариптик трансформация процесстерин, анын ичинде "Санарип Кыргызстан" жана "Startup Кыргызстан" улуттук программаларын колдоп жатканын белгиледи.
"Санариптик экономиканын өнүгүшүнүн ийгиликтүү мисалы катары Жогорку технологиялар паркынын жетишкендиктерин белгилейм. Анын резиденттери 2024-жылдын аягына карата 477 компания болуп, 11,4 миллиард сомдук киреше алып келген, мында продукциянын 94 пайызы экспорттолгон", — деди Амангелдиев.
Ошондой эле ал "Е-Кызмат" долбоору жана өлкөдө курулуп жаткан туристтик инфраструктуралар жөнүндө маалымат берди.
"Форумдун Ысык-Көлдүн кооз жээгинде өткөрүлүшү өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана бул келечектүү тармакка жаңы инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт деп ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктады Амангелдиев.
Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген теманын алкагында талкуулар жүрүүдө.
Ысык-Көлдө Кыргыз-Россия экономикалык форуму кандай өтүп жатат? Видео