БОСТЕРИ, 14-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылында жыл сайын өтүүчү Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды.
Быйыл жетинчи ирет өтүп жаткан иш-чаранын ачылышында былтыр Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 3,9 млрд долларды түзгөнү айтылды.
Өлкөдө биргелешкен 1 400 ишкана иштеп, 20 миң жумуш орду түзүлгөн. Кыргызстандын жалпы экспортунда Россиянын үлүшү 25 пайыз болду. Мындан тышкары, 7 миллиард долларлык эки тараптуу долбоорлор ишке ашырылууда.
Форумга Кыргызстан, Россия, Афганстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандан миңден ашуун өкүл чогулган.