"Кыргыз почтасы" мекемесинин "А" классындагы логистикалык борборунда жаңы автоматташтырылган сорттоо линиясы ишке кирип жатат. Ал жерде бир саатта 20 миң, бир күндө 200 миңден ашык почта жөнөтмөсүн сорттоого мүмкүнчүлүк болот. Бул тууралуу Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз почтасында" эми почта жөнөтмөлөрүнүн саны өсүп, сапаты жакшырып, коопсуздукка басым жасалат.
"Кыргыз почтасы" мекемесинин "А" классындагы логистикалык борборунда жаңы автоматташтырылган сорттоо линиясы ишке кирип жатат. Ал жерде бир саатта 20 миң, бир күндө 200 миңден ашык почта жөнөтмөсүн сорттоого мүмкүнчүлүк болот. Эми почта жөнөтмөлөрүнүн саны өсүп, сапаты жакшырып, коопсуздукка басым жасалат. Электрондук соода жана логистикалык инфраструктураны жакшыртууда эл аралык байланыштарды жакшыртып, акыркы тенденциялар кирип жатат. Буга чейин да жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүп келсек, мындай ары эл аралык стандарттарга жооп берген технологиялар менен иш алып барабыз. Мындан тышкары, кампалардын санын көбөйтүп, башка региондордо да ачуу иштери жүрүүдө", — деди Масиянова.
Ошондой эле ал "Кыргыз почтасы" почта маркаларын өнүктүрүүнү колго алып, кызматтын популярдуулугун арттыруучу иштерди жасай тургандыгын кошумчалады.