БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жарандардын 12 миллиард сомдой карызы кечилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, кеп 2022-жылга чейинки төлөнбөй келген каражаттар тууралуу болууда. Алсак, мүлк салыгы, анын ичинде транспорт каражаттары боюнча карыздар жоюлат.
Мындан тышкары, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде 2024-2025-жылдарга чейинки айрым багыттар боюнча карыздар да эсептен чыгарылышы мүмкүн. Ошол эле учурда соттун айыптоо чечими же салык кылмыштары боюнча бүтпөгөн иштер болсо карыз кечилбейт.
Ысабеков төлөнүшүнө үмүт артылбай калган салык 12 миллиард сомдой экенин белгилеген. Бул акча алты жылдан ашык төлөнбөй келгени айтылды.
"Эсептен чыгаруу Салык кызматына базаны тазалоого жана ишти ак барактан баштоого мүмкүндүк берет", — деди ал.
Ысабеков карызды кечүү алдамчылык фактылары менен карызга баткан салык төлөөчүлөрдүн көйгөйүн чечүүгө жардам берерин кошумчалады.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров калктын жана ишкерлердин салык жүгүн азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон.